Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн, 17-февралда “Мекенчил” партиясынын ачылыш аземи өтүп жатат
17 02 2015 11:43
Бүгүн, 17-февралда “Мекенчил” партиясынын ачылыш аземи өтүп жатат. Аталган партиянын лидерлеринин бири Мелис Аспековдун айтымында, бүгүнкү күндө башкаруу системасы 25 жылдан бери мамлекеттин өнүгүп өсүүсүнө оң натыйжа бербестен, саналуу гана бийлик башындагылардын пайдасына иштеп келе жатканын жалпы журт түшүндү.
“Биз бул башкаруу системасы мамлекетти өнүктүрүп кетүүгө мүмкүн эмес экендигине толук ынандык. Анткени бул система боюнча мамлекеттин бүгүнкү жана келечек тагдыры үчүн керт башы менен жооп бере турган жеке адам жок. Мамлекеттик кызыкчылыктар сатылып кеткен маселелерде Президент Өкмөткө шылтайт, Өкмөт парламентке шылтайт, эл парламенттин кимисинен сурап алышты билбейт”, - дейт М. Аспеков.