Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн “Алиби” гезитинин редакциясынын кеңсесине кол салуу болду
06 11 2014 11:44
Бүгүн, 6-ноябрда, “Алиби” гезитинин редакциясынын кеңсесине кол салуу болду. Мындай маалыматты TOPNEWS.KG маалымат порталына гезиттин башкы редактору Канышай Мамыркулова билдирди.
Анын айтымында, учурда бул иш боюнча Биринчи май РИИБи иштеп жатат.
“Бул жерде жөн гана уурулук деп сүрөттөш кыйыныраак болуп жатат. Анткени биз келгенде редакциянын эшиги талкаланып жатканына күбө болдук. Менин кабинетимдеги документтер чачылып жатыптыр. Редакциянын ичи чоң болгондуктан материалдык буюм жоголгонун так биле албайм. Азырынча жалпы жонунан материалдык жоготууга учурабагандай эле көрүнүп турат. Текшерүүнүн жыйынтыгында билинет ”, - дейт К. Мамыркулова.