Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн Алмазбек Атамбаев Грузиянын Президенти менен жолукту
29 09 2014 16:24
Бүгүн Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйынына катышуусунун алкагында Грузиянын Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушуп, эки мамлекет ортосундагы кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Алмазбек Атамбаев менен Георгий Маргвелашвили эки тараптуу кызматташууда ишке ашырылбай жаткан зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолуп, түрдүү тармактарда кыргыз-грузин өз ара аракеттегишүүсүн мындан ары арттыруунун маанисин баса белгилешти.