Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн “Эгемендүү мезгил жана руханий дүйнө” деген китеп көргөзмөсү ачылды
18 11 2014 15:44
Бүгүн, 18-ноябрда Улуттук илимдер академиясында “Эгемендүү мезгил жана руханий дүйнө” деген китеп көргөзмөсү ачылды. Мындай маалыматты аталган академиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, көргөзмөгө кыргыз тили, адабияты, маданияты, тарыхы, философиясы, экономикасы, укук жана саясат таануу багыттарын камтыган миңден ашуун аталыштагы илимий эмгектер жана китептер коюлду.
Көргөзмөгө коюлган китептер жеке демөөрчүлөрдүн жана коомдук уюмдардын каражатына чыгарылган.
Академиянын маалыматына ылайык, көргөзмөдө академик Абдылдажан Акматалиев 1992-2012-жылдары институтта директор болуп турганда анын жетекчилиги жана камкордугу менен жети жүздөй эмгек жарык көрүп, коомчулукка жеткендиги белгиленди.