Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн экс-мэр Мелис Мырзакматовдун соту уланат
17 08 2015 09:44
Бүгүн, 17-августта экс-мэр Мелис Мырзакматовдун соту уланат. Анын жактоочулары Ош шаардык сотунун ага карата өкүмүнүн мыйзамдуулугун кароону өтүнүп, Конституциялык палатага кайрылышкан.
Бул боюнча 10-августта соттук кароо жылдырылган. Соттун адилет өтүшүн талап кылган Мырзакматовдун жактоочулар ошол күнү митингге чыгышкан.
Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрө курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан.