Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн Өкмөттөгүлөр биометрикалык маалыматтарын тапшырды
Бүгүн биометрикалык маалыматтарын вице-премьер-министрлер Абдырахман Маматалиев жана Валерий Диль, Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси - министр Нурханбек Момуналиев жана анын орун басарлары тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Абдырахман Маматалиев өз биометрикалык маалыматтарын тапшырган соң, биометрикалык маалыматтар базасын түзүү коомдук коопсуздукту жогорулатууга мүмкүндүк берээрин билдирди. «Ошондой эле биометрикадагы маанилүү нерсе – жарандар тизмесинде тактык камсыздалат», — деди ал.
Валерий Диль белгилегендей, биометрикалык маалыматтар базасын түзүү шайлоолорду ачык-айкын өткөрүүгө шарт түзөт.
Өкмөт үйүндө өз биометрикалык маалыматтарын Өкмөт Аппаратынын кызматкерлери менен катар Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын кызматкерлери да тапшырууда.