Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн КТРКнын башкы директору тандалат
Бүгүн, 23-ноябрда КТРКнын Байкоочу кенеши башкы директорун тандаган жатат. Учурда талапкерлер КТРКнын ишин жакшыртуу боюнча өздөрүнүн программалары менен тааныштырат. КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков шайлоо ачык өтөт, бирок талапкерлер журналисттердин жана катышуучулардын суроолоруна жооп бербей турганын эскертти. “Алар Байкоочу кеңеш тарабынан берилген суроолорго гана жооп берет”, - дейт Илим Карыпбеков.
КТРКнын башкы директорлугуна ат салышкан 10 талапкер эки сынактан өткөн. Талапкерлер: Султан Жумагулов, Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпбеков, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаев. Мурдагы Башкы директор Кубат Оторбаев 24-июлда Байкоочу кеңешке 1-августтан баштап өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын берип, арызы канааттандырылган.Андан бери КТРКнын Башкы директорунун милдетин аткаруу Султан Жумагуловго берилген.