Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмеси Ак үйдүн алдында митинг өткөрүшөт
10 04 2015 08:31
Бүгүн, 10-апрелде "Кыргыз Чоролору" коомдук бирикмеси Жогорку Кеңештин имаратынын астында нааразычылык акция өткөрөт. Бул тууралуу аталган бирикменин лидери Замирбек Көчөрбаев билдирди.
Алар Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетишин талап кылып чыгышат.
Мындан тышкары, стратегиялык тармак болгон Тоо кең өндүрүшүнүн директорлор кеңешине талапкерлер элдик люстрациядан өттүүсүн талап кылыша турганын билдирди.