Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуу маселеси боюнча жыйын өттү
09 01 2015 13:56
Бүгүн, 9-январда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуу келишимин ишке ашыруу үчүн пландардын аткарылышы тууралуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма кызматы билдирди.
Экономика министри Темир Сариев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуу пландарынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди.
Премьер-министр өлкөнүн аталган биримдикке кошулушу боюнча жол картасынын ар бир пункту өз убагында жана сапаттуу аткарылышы зарыл экенин белгиледи.
Кыргызстандын ЕАЭСке кошулушу боюнча биринче кезекте жасалышы керек болгон иштерди атаган өкмөт башчы нормативдик базаны даярдоо иши да сапаттуу жүрүшү керектигин айтты.