Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн “Жалпы улуттук аянтча” түзүлдү
21 10 2014 16:01
Бүгүн Бишкекте “Калыс” саясий кыймылынын жана "Ак-Санат” саясий партиясынын демилгеси менен «Жалпы улуттук форум» өттү. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Калыс» саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн катышуусу менен “Жалпы улуттук аянтча” түзүлүп, меморандумга кол коюлду.
Форумга “Ата Мекен”, “Республика”, “Ата-Журт”, “КСДП”, “Замандаш-Современник”, “Мекен Ынтымагы”, “Реформа”, “7-апрель”, “Глас народа”, “Амал”, “Эрк” партиялары жана саясий кыймылдар катышты. Берилген маалымат боюнча, мындан кийин өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун талдоо жана тийиштүү тараптарга сунуштоо маселелери түзүлгөн аянтчада каралат.