Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн “maalymat.kg” сайтынын башкы редактору Д. Орунбековдун соту уланат
4-февралдагы сот отурумунда күбѳѳлѳр Лейла Саралаева кѳрсѳтмѳ берүүдѳн баш тарткан
Бүгүн, 10-февралда Биринчи май райондук соту “maalymat.kg” сайтынын башкы редактору Дайырбек Орунбековго байланыштуу ишти карайт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Д. Орунбеков өзү билдирди.
Анын айтымында, 4-февралдагы сот отурумунда күбѳѳлѳр Лейла Саралаева кѳрсѳтмѳ берүүдѳн баш тарткан.
“4-февралдагы сот отуруму күбѳлѳрсүз ѳтүп, мен тийиштүү маалымат боюнча кѳрсѳтмѳ бердим. Күбөөлөр келбей койгондуктан сотту бүгүнкүгө жылдырды”, - дейт Д. Орунбеков.
26-январдагы сот күбөлөрдүн келбей койгонунан улам жылдырылган.
Белгилей кетсек, Дайырбек Орунбековго козголгон кылмыш ишине “Жаңы жүздөр” гезитинин Анара Юсупова аттуу журналисттин макаласы себеп болгон. Макалада Д. Орунбеков maalymat.kg сайтына бийлик башындагы адамдарды Ош окуясына күнөөлүү деп негизсиз каралап жазганы, ишенимсиз булактарга таянганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп жазган.