Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн мамлекеттик тил майрамы
Бүгүн Т.Сатылганов атындагы филармонияда мамлекеттик күнүнө карата салтанаттуу азем өтөт. Иш-чара мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулууда. Ошондой майрамга карата иш-чаралар республиканын бардык жеринде бала бакчалардан тартып, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында, мамлекеттик мекемелерде өткөрүлөт.
Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берүү тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына 25 жыл болду.
Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алып, анда кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.