Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн Ошто аксакалдар нааразычылык акцияга чыгышты
08 01 2015 15:54
Бүгүн, 8-январда Ош облусунун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын имаратынын алдында митинг өттү. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына “Улуттук биримдик” фракциясынын Ош шаардык кеңешинин лидери Рысбек Мирзаматов билдирди. Анын айтымында, нааразычылык акцияга аталган партиялардын мүчөлөрү чыкпастан аксакалдар чыккан. “Алардын талаптары: Бүгүнкү күндөгү Мелис Мырзакматовго, Акматбек Келдибековго, Нариман Тюлеевге карата саясий кугунтуктоону токтотуу. Ошондой эле Нарын элинин койгон электр энергиясына байланыштуу койгон талаптарына кошула тургандарын билдиришти. Нааразычык акцияга жүзгө жакын аксакал чыкты ”, - дейт Р. Мирзаматов.