Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн Татыктуу эмгек үчүн профсоюздар ишмердүүлүгүнүн дүйнөлүк күнү белгиленди (видео)
07 10 2014 13:01
Бүгүн Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан Татыктуу эмгек үчүн профсоюздар ишмердүүлүгүнүн дүйнөлүк күнү белгиленди. Иш-чара алкагында айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн жана тигилген буюмдардын жармаңкеси өттү. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов өз сөзүндө ар бир жумушчу адамдын туруктуу иштешине, татыктуу эмгек акы алуусуна шарт түзүп берүү керек экенин айтты.
Эске салсак, Татыктуу эмгек үчүн профсоюздар ишмердүүлүгүнүн дүйнөлүк күнү 2008-жылдан тарта 130дан ашуун мамлекетте белгиленип келет. Бул күнү бүт дүйнө жүзүнүн профсоюздары ар кыл акцияларды өткөрөт, маморгандарга жана иш берүүчүлөргө адамдын социалдык-эмгектенүү укугуна тийиштүү болгон кайрылууларды, талаптарды жөнөтөт.