Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн “Таза оппозициялык кыймыл” Бажы биримдигине кирүүнү колдоп акция уюштурган жок
22-23-декабрда өздөрүн “Таза оппозициялык кыймылы” деп атаган активисттер Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн колдоп майрамдык акция уюштура турганын TOPNEWS.KG маалымат порталына кабарлашкан.
“Биздин кыймыл кечээ Бажы биримдигин колдогон акциябызда музыка койгонго укук коргоо органдарынын кызматкерлери уруксат бергебегендиктен бүгүнкү акциябызды токтоттук”, -деп TOPNEWS.KG маалымат порталына бүгүн, 23-декабрда аталган кыймылдын төрагасы Назарбек Нышанов билдирди. Анын айтымында, кечээ өткөн акция жетиштүү деңгээлде өткөн, бүгүн өткөрүүнүн кажети жок. “22-декабрда өткөргөн акциябызда бизди колдогондор көп экенин көрө алдык”, -дейт Н. Нышанов.
Кечээ, 22-декабрда аталган кыймыл “Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү”, “Бажы биримдигин колдойбуз” деген жазууларды көтөрүп алып майрамдык маанайда акция уюштурушкан. Бирок аларга укук коргоо органдарынын кызматкерлери майрамдык маанайга арналган музыканы коюуга уруксат берген эмес.