Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн Токтонасыров «Конституциядан колуңарды тарткыла» деген аталыштагы митинг өткөрөт
Бүгүн, 8-июнда, укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 7-апрелде каза болгондордун эстелигинин алдында «Турсунбеков, Кулов, Текебаев, Конституциядан колуңарды тарткыла» деген аталыштагы митинг өткөрөт. Бул тууралуу укук коргоочу TOPNEWS.KG маалымат порталына укук коргоочу өзү билдирди.
Анын айтымында, үч фракция жетекчилеринин демилгесин эл колдобойт. «Акаев менен Бакиев конституцияны улам-улам өзгөртө берип, коомдо жаракага жеткен абал болуп революция болгон. Конституцияны өзгөртөбүз деп, алар 7-апрелде каза тапкан балдардын арбактарына шек келтиришип жатат. Бул конституция кан менен келген. Өздөрү Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп ант беришкен. Алар референдум өткөрүшөбү же парламенттик шайлоо өткөрүшөбү? Буга канча деген каражат керек», - дейт Ө. Токтонасыров.