Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн УОК Жалал-Абадда Курултай өткөрүштү
11 04 2015 16:06
Бүгүн, 11-апрелде Улуттук оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү «Чыныбай Турсунбеков, Таирбек Сарпашев жана Жантөрө Сатыбалдиев жоопко тартылсын», «электр энергиясы арзандасын», «суу саткандар -эл душманы», «шоопур саясат токтосун» жана «Кумтөр маселеси чечилсин» деген жазууларды жазып алышып, Курултай өткөрүштү.
Кечээ УОКтун лидери Кубанычбек Кадыров TOPNEWS.KG маалымат порталына Атамбаевдин отставкасын талап кылып чыга тургандарын билдирген.
Курултайга байкоочулардын баамында 300, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маалыматында 150 чамалуу киши катышкан.