Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти
14 01 2015 10:40
Бүгүн, 14-январда жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева, Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов ант берди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, ант берүү аземине Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты.
«КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеӊеште ант бергенден кийин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришет.