Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт
22 05 2015 09:38
22-25-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай туруксуз аба-ырайы айыл-чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындарга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.