Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Порталы
Бийлик «Чыңгызхан жүрүштү» майтарды
07 10 2014 12:11
Өздөрүн жаш, эң таза саясатчы эсептеп жүргөн Адил Турдукулов, Мелис Аспеков, Айбек Бузурманкулов, Мавлян Аскарбеков сындуу «жаңы муунчулардын» Таластагы «элдик курултайы» үзгүлтүккө учураганы маалым. Алар агасы Камчыбек Ташиевчесинен «Чыңгызхан жүрүш» жасап, бийликти күч менен басып алуудан майнап чыкпастыгын түшүнүштүбү, айтор, Ош менен Нарынга пландаган курултайын белгисиз мөөнөткө жылдырышыптыр. Саясий күрөштүн тактикасын өзгөртүп, эми жогорку окуу жайларын кыдырып, активдүү студенттерди катарына кошууга киришкен экен деп жазган «Фабула» гезити.