Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Билим берүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган
Билим берүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу КРнын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - айдоочу күбөлүктөрүн алууда жарандарды аттестациядан өткөрүүдөгү кээ бир маселелерде коррупциогендик факторлорду жоюу.
Аталган максаттарда кабыл алынган мыйзам менен Өкмөткө аталган жарандарга экстернат формасында аттестациялоону уруксат бербеген учурларды аныктоого укук берилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.