Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кыргыз пресса
Биометрикалык маалымат бербегендерге айып пул салуу сунушталууда
Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалымат берүүдөн баш тарткан жарандарга айып пул салууну сунуштап жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө журналисттерге мекеменин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирген. Бул демилгенин ишке ашышы жана айып пулдун өлчөмү канча болору азырынча белгисиз. Биометрикалык маалыматтарды топтоо расмий түрдө жүргүзүлө баштады. Алгач өздүк маалыматтарын 28-августта парламенттеги беш фракциянын башчылары жана вице-спикерлер тапшырат. Андан кийин өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Соттун, Конституциялык палатанын судьялары, башкы прокурор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэри, вице-мэрлери жана облустардагы өкмөттүн өкүлдөрүнөн алынат. Жарандардын маалыматтарын чогултуу сентябрь айынан тартып жүргүзүлөт деп айтылган «Айбат" гезитинде.