Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бир катар илимпоздор И.Ахунбаев атындагы сыйлыгына татыктуу болушту
Улуттук илимдер академиясынын 12-марттагы №7 Токтому менен илимдин өнүгүшүнө жана аны жайылтууга кошкон салымы үчүн бир катар илимпоздор И.Ахунбаев атындагы сыйлыгына татыктуу болушту. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы бүгүн, 13-мартта билдирди.
Сыйлыкка ээ болгондор:
Медицина илимдеринин доктору, Б.Н. Ельцин атындагы КОСУнун госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору Бахадыр Бебезов;
Медицина илимдеринин кандидаты, Б.Н. Ельцин атындагы КОСУнун госпиталдык хирургия кафедрасынын доценти Нурлан Мамашев;
Медицина илимдеринин кандидаты, Б.Н. Ельцин атындагы КОСУнун госпиталдык хирургия кафедрасынын доцентине «Боордун альвеококкозунун хирургиясынын актуалдуу маселелери» деген илимий эмгектердин циклы үчүн Тилек Уметалиев;
Филология илимдеринин доктору, КР УИАнын академиги, КР УИАнын гуманитардык жана экономикалык илимдеринин вице-президентине «Кыргыз адабияты: тарых жана мезгил», «Кыргыз тили, «Манас» жана Айтматов» деген илимий эмгектери үчүн Абдылдажан Акматалиев;
Физико-математикалык илимдердин доктору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР УИАнын физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун кристаллофизика лабораториясынын жетекчиси Мустафа Кидибаев;
Физико-математикалык илимдердин доктору, КР УИАнын физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун кристаллофизика лабораториясынын башкы илимий кызматкери Каныбек Шаршеев;
Физико-математикалык илимдердин доктору, КР УИАнын физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун кристаллофизика лабораториясынын башкы илимий кызматкери, катуу телонун радиациялык физикасы боюнча кыргыз жана орус тилиндеги эмгектеринин топтомун жазгандыгы үчүн Геннадий Денисов.