Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Биримдик жана эмгек – күчтүү мамлекеттин пайдубалы
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы партиялык долбоорлорду киргизүү тууралуу чечим кабыл алган.
Ал долбоорлор жалпы максаттар, аткаруучулар жана ишке ашыруулар менен бириктирилген иш-чаралар комплексин камтыйт. Долбоорлордун алкактарында коомдун актуалдуу көйгөйлөрү жана аларды чечүүгө майнаптуу ыкмалар иштелип чыгат. Партиялык долбоорлордун өзөгүн адамдын кызыкчылыктары, көйгөйлөрү, келечекке умутулуу жана үмүтү камтыйт.
Долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында социалдык инфратүзүмдүн өнүгүүсү камсыз кылынат, жарандык коом бекемделет. Партиялык долбоорлор социалдык жана инфратүзүмдүк болуп экиге бөлүнөт. Социалдык долбоорлор коомдук чөйрөнү гумандуулаштырууга багытталат. Алар маданият, волонтерлор, үй-бүлө маселелерин, билим берүү жана сергек жашоонун популяризациялоо маселелерин көтөрөт. Инфратүзүмдүк долбоорлор жаңычыл ишке дем берүүгө, экономиканы модернизациялоого, өлкөнүн социалдык инфратүзүмүн бекемдөөгө багытталат.