0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Биримдиктин түбү тереңде

    Биримдиктин түбү тереңде
    04 09 2015 12:28

    Ар бир шайлоо өнөктүгүнүн өзүнө гана таандык өзгөчөлүгү бар тура. Бул ирет да ошонусунан жазбай отурат.

    Асыресе, алдыбыздагы парламенттик шайлоонун башкы урааны элибиздин арасын жакындатып, мүмкүн катар ширетип, кол кармаштыруу болууга тийиш. Анткени күнү бүгүн баарыбызга белгилүү себептерге байланыштуу калк ичи бүлүнүп, тилекке каршы, жер-жерге, уруу, урукка жиктелүү уят-сыйыттуу иштей саналбай калды. Анүстүнө мындай абал чоң-чоң саясий иш-чаралардын тушунда ого бетер оожалып, курчуйт эмеспи.

    Ишенем, тээ алмустактан бери карай далай ысык-суукту башынан кечирген калдайган калың журтубуз береги сыноодон да төгүлбөй-чачылбай өтөт. Бирок, корообуздагы убактылуу кырдаал, үстүбүздөгү устаранын мизинде аласалгансыган аманат заман менен эсептешпей коё албайсың.

    Ушул ыңгайдан карап-бакканда, Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын, Аскар Салымбековдун «Эмгек» партиясынын –азыркы Кыргызстандагы эң ири эки саясий-коомдук күчтүн эриш-аркактай биригип, аламан байгеге чогуу-чаран аттаналы, буюрган жеңиштин даамын бирге таталы, анан мамлекетибиздин андан аркы өнүгүү жолун аныктап, нар көтөргүс жоопкерчиликти мойнубузга алалы деп жатканы биресе мыйзамченемдүү, биресе жабыла колдоого татыктуу татынакай көрүнүш. Жок, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» формалдуу кубулуш эмес, тек «эки жерде эки төрт» дегенчелик арифметика дагы эмес. Мунун түбү тереңде. Тээ улуу «Манастан» баштап ырдалган ак калпакчандардын ынтымагын чыңдоо, Ала-Тоонун эркиндигин көздүн карегиндей сактоо маселесинде.

    Партиянын программасында, анын лидерлеринин платформасында камтылган жоболор, убадалар, айтса, жүрөктүн түпкүрүнөн кайнап, оргуп чыккан нерселер экени дароо баамга урунат. Реалдуу да, ынанымдуу. Эпадам бирди-жарым кайдыгер, жел сөздү кездештирбейсиң. Кайра-кайра, тыкыр иштелген. Философиясы деле жаңы, аткаруу механизмдери деле жаңыча. Ошол эле «үйүбүзгө кайтуу» концепциясын алалы, жумуш орундарды көбөйтүу, кооперация, тоо кендерин казууга жергиликтүү жарандарды катыштыруу, илим-билимдүү жаштарды тарбиялоо, спортту жандандыруу багыттарын алалы, ушунун баары, барып-келип, учурдагы көң сыяктуу тапталган көйгөйлөрдү ыкчам, калыс чечүүгө арналган.

    Баса, Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаровдун бири биринен айрымачылыгына караганда, окшоштугу, жалпылыгы арбын. Окумал интеллектуалдар. Тарыхты, үрп-адат, каада-салттарыбызды, улуттук маданиятыбыз жана адабиятыбызды мыкты билип эле тим калбастан, кастарлап, өстүрүүгө албан-албан салым кийирген инсандар. Агымдагы дүйнөлүк экономиканын, эл аралык саясаттын тишин чагат. Ысымдары атпай кыргызга, кошуна тууган-досторубузга, ири алды, Орусия, Орто Азия республикалары менен Казакстанга, Кытайга, түрк тилдүү калктарга аттын кашкасындай маалым, кадыр-барктуу.

    Аскар Салымбеков да, Адахан Мадумаров да саясатчы катары негизинен эгемендик жылдарында бышып жетилди. Экөө тең Жогорку Кеңештин, өкмөттүн түзүмдөрүндө мартабалуу кызматтарды аркалап жүрдү. Демек, ар кайсы бийликтин сыры, асыресе, кемчилиги, чабал жагы буларга алакандын отуна салгандай көрүнүп турат. Ошолорду оңдоп-түзөө, жакшыртуу экөөнүн колунан даана келет. Андыктан алар бизге Бүтүн Кыргызстан эмгек аркылуу өсүп-өнүгүүгө жетээрине жана өлкөбүздүн бүтүндүгүнө кепил боло ала тургандыгы жөнүндө чагылгандай жаркыраган чакырык таштады.

    Анан калса, Жогорку Кеңештин депутаттыгына аталган партиянын тизмесинде тизилип бараткан жүздөн ашуун талапкерлер ушул лидерлердин купулуна толгон, назарына илинген ар кайсы аймактын, улуттун жүзү жарык уул-кыздары экен. "Жакшынын кадырын жакшы түшүнөт" деп айтылган сөз чындык. 

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *