Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ВУЗNews - Новости и Мероприятия
Бишкек гуманитардык университетинде «Жүрөгүмдө Кыргызстан» аттуу спич-таймаш өткөрүлөт
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети 2015-жылдын 19-майында «Жүрөгүмдө Кыргызстан» аттуу спич-таймаш өткөрөт. Бул тууралуу окуу жайдын пресс-катчысы билдирди.
Спич-таймаштын максаты БГУнун 9 факультетинде 16 тил боюнча жогорку квалификациялуу адистер даярдалып жаткан чет өлкөлүк студенттердин ортосунда кыргыз (мамлекеттик) тилде сүйлөй билүү, Кыргызстандын маданияты, тарыхы, жаратылышы, элдер достугу, салты боюнча көркөм сүйлөө, баяндап берүү боюнча сынак өткөрүү жагы каралган.
Бул максатта студенттер 5 командага бөлүнүп (кытай, түрк, орус, казак, корея), 5 номинал боюнча кыргыз тилинде өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Калыстар тобунун чечимине ылайык жеңүүчүлөрдүн эмгеги баалуу, сыйлыктар, грамоталар менен белгилешет.
Номинациялар:
1.Кыргызстандын көрүнүктүү жерлери;
2.Өз өлкөсү жөнүндө айтып берүү (кыргыз тилинде);
3. Кыргыз макал-лакаптары;
4.Чыгармачылык конкурс (бий, көркөм окуу, кол өнөрчүлүгү);
5.Улуттук бий.