Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда таш кулоо коркунучу бар
02 02 2015 10:48
1-февралда кечки cаат алтыда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 313-чакырымында топурак аралаш таш кулоо түшүп, жол каттамы жабылган. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматта, адистер аскадан дагы таш кулоо коркунучу бар экенин эскертип жатышат.
Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес жана кыйроолор жок .Окуядан улам унаа тыгыны пайда болуп, жолдо калган жарандарга жылынып алуу үчүн атайын көчмө пункттар уюштурулган.
1-февралында саат түнкү сааты он бир жарымда жол бир багытка ачылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.