0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кыргыз пресса

    «Бишкек парктын» кожоюну Айдын Мистачльолы көз боёмочубу?

    «Бишкек парктын» кожоюну Айдын Мистачльолы көз боёмочубу?
    18 09 2014 12:03

    «Айат» гезити  «Өкмөттүн курамы өзгөрүп, ИИМдин, Маданият жана туризм министрлери кетип, ордуна жаңы жетекчилер келгени турат. Жаңы жетекчилердин келиши менен өлкөдө өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү» деген соболдун негизинде коомчулуктун пикирин жарыялаган.  Жазуучу Чолпонбек Абыкеев «Өкмөт толук кеткен күндө да эч нерсе өзгөрбөйт.  4-5 министр кетсе эле Токтогул суу сактагычына суу толуп, республиканын бюджетине акча күргүштөп түшүп, май көл, сүт көл боло калбайт да. Элди тынчытабыз десе Жогорку Кеңеш тарашы керек» деген оюн билдирсе, «Акыйкат жолу» коомдук бирикмесинин төрайымы Бүбайша Арстанбекова  ИИМге Мелис Турганбаевдин келишин иш тажрыйбасы бар, татыктуу адис деп кубаттаган.

    Ушул эл гезит Тургамбаев турганда өлкөдө тартип орнойт, кандай болгон күндө да Мелис Тургамбаевдин иш билгилигин эл баалайт жана ар дайым аны колдойт десе, Маданият жана туризм министрлигинен кеткен Камила айымды Талиева кетип маданиятчылар кубанды деп жазат.

    Гезиттин 3-бетинде Дастан Сарыгулов Текебаев менен Куловго тиш кайрадыбы? деген макала жарыяланган. Анда коомдук ишмер Дастан Сарыгулов «КСДП», «Ата Мекен», «Ар намыс» партиялары биригип коалиция түзүп, мыйзамдуу бийликти толугу менен колго алып, мамлекеттик жогорку кызматтарга бир гана өздөрүнүн партиясынын мүчөлөрүн дайындап Өкмөттү толугу менен колго алды. Учурда Өкмөт бийликтин аткаруу органына айланды. Ал эми Жогорку Соттун сотторун тандоодо, сотторду тандоо кеңешин түзүү менен Конституциянын 3-беренесин одоно бузуп, сотторду көз каранды кылды. ЖКдагы үч фракция бийликти узурпациялап, Конституциянын 5-беренесин одоно бузушту» деп Парламент менен учурдагы бийликтин кетирген катачылыктарын тизмектеген.

    Ушул эл гезит  Текебаев партияларга кысым жасоодо деп жазат. Анда «Биримдик» партиясына кысым Ө. Текебаев тарабынан болгону айтылган.

    Гезиттин 6-бетиндеги «Бишкек парктын» ээси Айдын Мистачльолы мега үй куруп берем деп элди алдаган» деген макалада бүгүнкү күндө Кыргызстанда көз боёмочулардын торуна түшкөндөр көбөйдү деп жазылат. Бул макалада Айдын Мистачльолы заманбап үй куруп берем деп элден алдын-ала акча алгандыгы жана учурда ал үйдүн курулуп бүтүшү да арсар экендиги, көз боёмочуга алдангандардын нааразылыктары жөнүндө кенен баяндалган. 

    «Асман плюс» гезити «Ар намыс» партиясынын лидери  Феликс Куловдон маек алган. Маекте кабарчынын «өлкөнүн аталышын өзгөртүү жөнүндөгү демилге эмнеден улам келип чыккан» деген суроосуна Феликс мырза «бул жеке биздин партиянын эмес, элдин жана жаштардын демилгеси болду, мага «Кыргыз Республикасы»,  «Республика Кыргыз» деген көбүрөөк жагып жатат» деп айткан. Ушул эле маекте кабарчынын «өткөн шайлоодо орустардын колдоосу менен келгенсиз, эми бу шайлоого Кремлдин колдоосу менен келесизби» деген суроосуна депутат «азыр Россияга баары бир, башкысы аларга эч ким каршы чыкпаш керек. Менин партиямдын ичинен Россияга каршы пикирлер айтылган эмес. Россия саясий жактан «Ар намысты» колдоду деген туура эмес. Менин башка өлкөлөрдүн башчылары Путин, Назарбаев, Медведевдер менен жеке мамилем бар» деген жообун берген.

    «Азия Ньюс» гезити «Атамбаев «Кумтөр» боюнча элдин кызыкчылыгын колдогон жок» деген темада эксперт, саясий серепчи жана депутаттардын пикирлерин жарыялаган. Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев «2010-жылдагы апрель окуясынын шарапаты менен келген бийлик төрт жылдан бери «Кумтөр» көйгөйүн чечкенге олуттуу көңүл бөлгөн жок» деп айтса, сайсий серепчи Токтогул Какчекеев «биринчи келишимдин бузулган жолун коррупциялык кылмышка такап аныкташыбыз керек эле. Биринчи келишимде 80% үлүш Кыргызстандыкы болчу. Махинациянын жолу менен 13% үлүш бизге калган. Маселе каралган учурда да бул байлыктан олжо тапкандар көп жана анын аныгына чыгууга кызыккандарга бармак басты, көз кысты аркылуу төлөнөт да, иш жым-жым болуп жабылат» деген пикирин айткан.

    Ушул эле гезит Салянова креслосунан кулаганы калды, үч жылдан бери башкы прокурор кыйраткан деле иш жасабады, чиновниктерге, депутаттарга кыйла кылмыш ишин козготкону менен жыйынтыгында курулай популизм менен гана чектелип, ишинин майнапсыз экенин жамы журт билип калганын кантип танабыз деп жазат. 

    «Параграф» гезити «Кумтөр» маселеси кыргыздардын пайдасына чечилбеди, далай кыргыздын убалына калып нечендеген балдарды жетим, нечендеген кыз-келиндерди жесир кылган Батукаевге батабызды берип өлкөдөн чыгардык. «Кыргызгазды» бир долларга кармата бергенибиз аз келгенсип, Ошто жарым жылдан бери газ жок. «Энергиянын баасын көтөрөбүз, мындан башка жол жок»  деп Артыкбаев артыкчылыгын көрсөтүп жатат. Токтогулда суубуздун деңгээли жылдагыга салыштырмалуу дээрлик эки эсе төмөндөп кетти. Же сууларды саткыч атанган  Максим Кыргызстанга түн жамынып кирип, сууларды сатып, билинбей чыгып кетип жатабы?»  – деп азыркы бийлик тарабынан кетирилген одоно кемчиликтерди жарыялаган.

    Ушул эле гезит Минск шаарына барып экс-президент Курманбек Бакиевдин туулган күнүнө ырдаган Бек Борбиевди сындап, «Бек «бек» болбой калды» деген макаланы жарыялап, биринчи бетке коллажын чыгарган.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *