Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкек шаарынын тургундары «Эмгек» партиясына ыраазычылык билдиришти
Бүгүн, 1-май - Эмгек күнүнө карата «Эмгек» саясий партиясына Бишкек шаарынын тургундарына салтанат тартуулап жатканына терең ыраазычылык билдирди.
Бишкек шаарынын тургуну, пенсионер Замира Молдокиеванын айтымында, аталган партия бир дагы майрамды калтырбай, кыргызстандыктарды куттуктап турат.
««Эмгек» партиясына терең ыраазычылык билдирем. Карылар күнү болобу, балдар күнү болобу, дайыма бизге жакшы маанай тартуулап келет», - дейт З. Молдокиева.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын тургуну Күмүш Исаева «Эмгек» партиясына ийгилик каалап өттү. «Бул партиянын эмгегине чоң рахмат. Мындан кийин дагы элдин керегине жараган партия болуп жүрө беришсин», - дейт К. Исаева.
Белгилей кетсек, «Эмгек» саясий партиясы 1-май Эмгек күнүнө карата Бишкек шаарында салтанаттуу иш-чара өткөрүп жатат.