Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкекте азык-түлүк продукцияларынын көргөзмө-жармаңкеси ачылды
Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында азык-түлүк продукцияларынын көргөзмө-жармаңкеси ачылды. Мындай маалыматты TOPNEWS.KG маалымат порталына Органикалык кыймыл федерациясынын президенти Искендербек Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, жармаңкенин максаты - шаардыктарды сапаттуу, табигый таза продукция менен камсыз кылуу. “Кыргызстандын 7 облусунан органикалык продукция чыгаруучу сексенге жакын компания катышты. Азык-түлүктүн баасы базардагы баалардай эле болду. Эл көп келди, эмки жылы жармаңке өткөзчү аянтчаны кеңейтүү керек экен. Иш-чарага Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, ЖКнын агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов катышты”, -дейт И.Айдаралиев.
Көргөзмө-жармаңке 6-ноябрга чейин уланат.