Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкекте Эл аралык PEN-клубунун 80-конгрессинин алкагында тегерек стол өтөт
Эртең Бишкекте Эл аралык PEN-клубунун 80-конгрессинин алкагында «КМШ өлкөлөрүнүн жазуучуларынын кызматташуусундагы маселелер жана перспективалары» темасындагы тегерек стол Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Иш-чарада белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган адабий форум өткөрүлүп, жазуучулар Казат Акматов (Кыргызстан), Олжас Сулейменов (Казакстан), Акбар Рыскулов (Кыргызстан), Халил Ибрагим Озхан (Түркия) баяндама жасайт.
Маалымат боюнча, тегерек столго Вячеслав Шаповалов, Талип Ибраимов (Кыргызстан); Рифат Гумеров, Сид Янышев (Өзбекстан); Сергей Чупринин, Владимир Сергиенко (Орусия); Ходжакули Нарлиев (Түркмөнстан); Аниса Сабири, Сиявуш, Шоиста Равшанова (Тажикстан); Халил Ибрагим Озгун (Түркия); Олжас Сулейменов, Умит Тажкенова (Казакстан); Андрей Курков (Украина) жана башкалардын катышат.