Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкекте Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардамдар чогултула баштады
Бишкек шаарында Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардамдар чогултула баштады. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Свердлов районунун координатору Чынара Борбашева билдирди.
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, шаардагы 4 райондук администрациянын имараттарында жайгашкан пункттар гуманитардык жардамдарды 21- 25-ноябрга чейин саат эртең мененки тогуздан баштап, кечки бешке чейин кабыл алат.
Пункттардын даректери жана байланыш номурлары:
- Жибек жолу проспектиси №348 дарегиндеги Биринчи май райондук администрациясы, Акунов Апсамат Тынчылыкович, тел: 621156, 0771403841;
- Чүй проспектиси №315 дарегиндеги Ленин райондук администрациясы, Махмудов Рустам Хакимович, тел: 656903, 0773793419;
- Байтик баатыр №17 дарегиндеги Октябрь райондук администрациясы, Ырсалиев Назар Саирдинович, тел: 577953, 0555658993;
- Чүй №28 дарегиндеги Свердлов райондук администрациясы, Борбашева Чынара Бейшеевна, тел: 360115, 0772008788.
Бишкек шаардык мэриясы жарандарды гуманитардык жардамдарды чогултууга активдүү катышууга чакырат. Тоң районунун тургундары жылуу кийимдерге, азык-түлүк продуктусуна жана курулуш материалдарына муктаж.
Белгилей кетсек, 14-ноябрда Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга айылдарында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, социалдык мекемелерде жана турак жай үйлөрдө жарака кеткен.