Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкекте “Өзүңдүн кан басымыңды бил” аттуу акция өтөт
18 09 2014 17:08
22-26-сентябрга чейин Бишкекте “Өзүңдүн кан басымыңды бил” аттуу акция өтөт. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Акциянын максаты – калкты кан басым тууралуу маалымат менен камсыздап, анын гипертониялык оорунун белгилери, өсүшү, аны алдын алуу боюнча маалымат берүү. Ошондой эле кан басымы жогору болгон адамдарга медициналык кеңеш берүү.
Маалымат боюнча, бул күндөрү бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда “Ачык эшик” күндөрү өтөт.
Бул акция “Дүйнөлүк жүрөк күнүнө” карата жыл сайын 25-сентябрда белгиленип турат.