Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкекте жаны мектеп-интернаты ачылды
Бишкек шаарында жаны мектеп-интернаты ачылды. Мектеп интернаттын ачылышы президенттик билим берүү фонду жана Түркиянын эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланды. Интернаттын окуучулары 11- сентябрдан баштап окуй башташат. Аталган мектеп буга чейин Т.Молдо атындагы жалпы орто билим берүү мектеби деп аталып келген.
Тоголок Молдо атындагы №71 орто билим берүүчү мектеп-интернат президенттин демилгеси менен Кыргызстандагы тоголок жетим балдар,кароосуз калган жана ата-эне укуктарынан ажыратылган балдарды бир чөйрөдө окутуу, коомдо өзүнүн ордун табуу максатында ачылды.
“Быйылкы жылы региндордон 4-7-класска чейинки 80 окуучу,мектептин өзүнөн 500 окуучу кабыл алынды. Аталган мектеп-интернат президенттик билим берүү фонду жана Түркиянын эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, окуучулар үчүн инновацияларды киргизүү максатында эң жогорку шарттар түзүлгөн. Мисалы, мезгилдин талабына ылайык, заманбап мультимедиялык кабинеттер ,лабораториялар,интерактивдүү доскалар менен жабдылган. Ал эми интернаттын үчүнчү кабаты атайын муктаж болгон окуучулар үчүн жатакана, ашкана менен камсыздалды»,-деди мектеп-интернаттын директору Рустам Атаев
Тоголок Молдо атындагы №71 орто билим берүүчү мектеп-интернаттын салтанаттуу ачылыш аземи сентябрь айынын жыйырмасында КР президенти Алмазбек Атамбаевдин коштоосунда болот.