Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкекте жумушка кайра орноштуруу боюнча иштерди соттордо кароо боюнча семинар өтүүдө
22 12 2014 16:05
Бүгүн, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору Германиялык эл аралык кызматташтык коому (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн «Жумушка кайра орноштуруу боюнча иштерди соттордо кароо» деген аталыштагы бир күндүк семинар өткөргөндүгү туурасында Жогорку Соттун басма-сөз кызматынан билдирди.
Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 22 судьясы катышууда.