Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкектеги бут кийим оңдоочу жайдан чыккан өрттүн кесепетинен 1 адам каза болгон
28 01 2015 09:41
Бишкектеги Табалдиев атындагы көчөдө жайгашкан аянты 15 чарчы метр бут кийим оңдоочу жайдан өрт чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өрттүн кесепетинен темир будканын ички жасалгасы жана бут кийимдер күйүп, 1976-жылы туулган А.Сериков аттуу жарандын күйгөн денеси табылган.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Республика боюнча акыркы сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталган.