Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкектеги мончолордун биринен өрт чыкты
29 09 2014 10:21
Бишкекте Гастелло көчөсү, 8а дареги боюнча жайгашкан жыгач устундуу, шифер менен жабылган мончонун чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 10 чарчы метр чатыры, ички жыгач жасалгасы, жыгач эшиги, 3 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн.
Өрттүн келип чыгуусу отко этиятсыз мамиле жасоо болгон.
Республика боюнча бир суткада 10 өрт кырсыгы катталган.