Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкектеги өрттөн кымбат 6 жеңил унаа өрттөндү
13-ноябрда таңкы саат үчтө Бишкек шаарындагы Совет көчөсүндө жайгашкан №87/2 он бир кабаттуу турак үйдүн жер төлөөсүндө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 11 адам куткарылып, анын ичинен 2 адам шаардык ооруканага жеткирилген. Мындан сырткары 30 адам эвакуацияланган.
Маалымат боюнча, өрттүн кесепетинен 6 жеңил унаа толугу менен күйгөн.
1.“Лексус GХ” мамлекеттик номуру В 61-96 АС, ээси Э. Р. Жолдубаев;
2. “Тайота Лендкрузер” мамлекеттик номуру В 99-53 АС, ээси М. Р. Рахимов;
3. “Мерседес с500” мамлекеттик номуру 15-18 ВС, ээси Ч. И. Арабаев;
4. “Ренжровер” мамлекеттик номуру В 05-55 ВС;
5. “Тайота Камри” мамлекеттик номуру С 306 ЕР97;
6. “Мерседес с500” мамлекеттик номуру № В 57-99 АС, ээлери такталууда.
Өрт толугу менен саат алтыда өчүрүлдү.