Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкектиктер ЖКнын төрагасынан жумушка эртең мененки саат сегизде чыгышын өтүнүштү
19 03 2015 10:40
Бишкектин тургундары ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбековду жумушка эртең мененки саат сегизде чыгышын өтүнүштү. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди.
Анын айтымында, кортеж жүргөн жолду ачуу максатында жол-кайгуул кызматкерлери кесилишкен көчөлөрдү тосуп жатыптыр.
“Жолду тосуп жаткандан улам унаа тыгындары пайда болуп, жарандар жумушка кечигип жатышат”, - дейт И. Карамушкина.