Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкектин Ленин райондук сотунун эки судьясы кызматтан бошотулду
13 10 2014 17:20
Бүгүн Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьялары Гүлнара Курманова менен Каныбек Өмүрканов мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулушту. Тиешелүү буйрукка Президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, аталган судьяларды кызматтан бошотуу КРнын Судьялар кеңеши тарабынан берилген.
Президент башка буйругу менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Нурлан Ажибековдун кызматтык ыйгарым укуктарын узартты.