0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Биз урууга эмес, улутка биригели

    Биз урууга эмес, улутка биригели
    12 09 2015 11:26

    11 – сентябрда «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылынын маданият үйүндө эл менен жолугушту. Жалпысынан Аскар Салымбеков менен жолугушууга  райондун 14 айыл аймагынан миңге жакын адам келген. Жолугушууда шайлоонун таза өтүшү тууралуу маселе көңүл борборунда болуп, шайлоочулар тарабынан ар кандай суроорлор берилди. Андан сырткары,  өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө байланышкан  маселелер каралды.

    Жолугушуу жакында дүйнөдөн кайткан мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин жаркын элесин ыйык тутуп, бир минуттук аза күтүү менен башталды. Аскар Салымбеков кыргыз мамлекетинин келечеги жана экономикасынын абалы  тынчсыздандырганын айтып, «Кыргыз эли да жакшы жашоого татыктуу. Мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан талыкпай эмгектенүүнүн натыйжасында, бир билек, бир тилек биримдиктин негизинде келечек урпактарга гүлдөгөн Кыргызстанды өткөрүп беришибиз керек. Эгер, биз бүгүнкүдөй Кыргызстанды калтыра турган болсок, бизди урпактар кечирбейт!» деди ал өз сөзүндө. Учурдагы баш мыйзамдын талаптарына ылайык,  2011-жылы «Эмгек» партиясын түзүп, жакында боло турган  парламенттик шайлоого кам көрүп жатканын кошумчалады. Аскар Салымбеков  «Бүтүн Кыргызстан » саясий партиясы менен биригүүнүн себебин, партиянын лидери Адахан Мадумаровдун тазалыгы, тажрыйбалуулугу, жалтанбас  инсандыгы менен түшүндүрдү. «А.Мадумаровду каралаган ушак сөздөр саясаттын ыпылас оюну экени, жалган сөз баары бир эч нерсеге жеткирбеси, адилеттүүлүк бир күнү жарыкка чыгаары Адахан Мадумаровдун мисалында далил» – деди.

    Чогулган эл, Аскар Салымбековдун сөзүн бир добуштан кубаттап, анын ар бир сөзүн дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп жатты.

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын шайлоого бир катар экономикалык долбоорлор менен бара жатканын теңтөрага төмөнкүчө түшүндүрдү. Нарын облусу Кыргызстандын мал киндиктүү облустарынан. Агрардык аймак катары бүтүндөй Кыргызстанды, ал эми Совет мезгилинде Орто Азияны сүт, эт азыктары менен камсыз кылып берчү. Деген менен акыркы жыйырма жылда Нарын облусу өзүнүн стратегиялык маанисинен ажырап, бир топ олуттуу кыйынчылыктарды баштан кечирип келет. Анын себеби,  Аскар Салымбековдун айтымында ири чарбалар чачырап, таландыга дуушар болуп калгандыгында. Майда чарбалардан тийиштүү көлөмдө айыл чарбалык азык-түлүк, жер-жемиштер өндүрүлбөй калгандыгы далил. Эми ирилештирүү саясатын кайра жандандырып, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын экономикалык долбоорлорунун алкагында «Айыл чарбасын кооперативдештирүү» иштелип чыккан.

    Учурда коомчулукта кээ бир саясий күчтөр ыпылас технологияларды колдонуу менен электораттын добуштарын сатып алып жатканы  эл арасында айтылууда. Нарын облусунун Ак -Талаа, Жумгал, Кочкор районунун тургундары менен болгон жолугушууда мындай алдамчылыктан сак болуп, добуштарды уурдатып жибербей, сак болууга «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы үндөп келет.

     Кочкор районунун маданият үйүндө чогулган элге Аскар Салымбеков түптөгөн «Дордой» базарынын өлкөнүн экономикалык жана социалдык тармагына кошкон чоң эмгеги тууралуу тасма көрсөтүлүп, шайлоочулар эми ушундай да ийгилик парламенттик шайлоодо жеңиш менен утурлана турганына ишеним артышты.

    Жолугушуунун соңунда  «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков Жумгал районунун Чолпон айылындагы футболдук аянттын ачылуу аземине катышып, жаштарды дени сак жашоого, спортко чакырып өттү.

     

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *