Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бөкөнбаев айылынын тургундары “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясын колдойт
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын жашоочулары менен жолукту. Аталган партиянын теңтөрагасын эл жылуу маанай менен тосуп алып, колуна бүркүт карматты.
Аскар Салымбеков тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизип, аны иш жүзүнө ашыруу туурасында сөз кылды.
“Бардык аймактын эли тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизип бергиле деп суранып жатат. Дүйнөдөгү жакшы багыт тамчылатып сугаруу ыкмасы. Бул ыкманы киргизмейинче биздин айыл чарба көтөрүлбөйт”, -деди Аскар Салымбеков.
Андан соң кооперация тууралуу айтып берди.
“Дыйкандардын башын кооперативдик союздарга бириктирүү керек. Кооперацияны жандандыруу үчүн мыйзамдарды жаңылап, оңдоп түзөлөрдү киргизүү зарыл”, - дейт теңтөрага.
Иш-чарага келген эл Аскар Салымбековдун партиянын программасынын долбоорлорун колдоп, кол чабышты.
Жыйын соңуна келгенде айылдын аксакалдары жана тургундары “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясына баталарын берип, ийгилик каалашты.