Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Боом капчыгайындагы кырсыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү
13 08 2015 18:01
Боом капчыгайындагы кырсык боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 12 кишиден турган комиссия кырсыктын эмнеден улам келип чыкканын иликтейт.
Кечээ 12-августта Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымында болжол менен 10 миң метр кубду түзгөн шагыл аралаш топурак түшүп, унаа жолду жаап калган.
Бүгүн, 13-августта аталган министрлик саат эртең мененки жетиде эки тараптуу жол кыймылы толугу менен ачкан.