Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы менен «Ата Мекен» партиясы түз эфирдеги дебатта кезикти
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Артур Бакиров «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Айбек Мырза менен «Кабарлар» маалымат агенттиги уюштурган түз эфирдеги дебатка катышты.
Алгач дебаттын жүрүшүндө алар партиялардын алдыга коюлган максаттары жана пландары тууралуу айтып беришти.
Артур Бакиров «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы парламентке келсе, биринчи кезекте бекем тартип орной тургандыгын айтты.
Биз бүгүнкү күндөгү башаламандыкты, мамлекеттеги түзүлүштөгү олутту маселелерди чечүүнүн үстүндө иш алып барабыз. Негизи бардык жерде тартип болбосо ырыскы, береке болбойт. Экинчи орунда идеология маселеси турат. Кыргызстан чет элдиктерди ээрчибей өзүнүн идеологиясын көтөрүп чыгыш керек. Биз кылымдарды карыткан, океандай болгон кыргыздын макал-лакаптарын көтөрүп чыгышыбыз зарыл. Үчүнчүдөн биздин партия бийликке келе турган болсо, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди, жетим - жесирлерди толук түрдө мамлекеттин көзөмөлүнө алып, аларга татыктуу жашоо шартын түзүп берет. Ошондой эле «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы мамлекетте парламенттик эмес, тең салмактуулукту сактаган, бири-бирин көзөмөлгө алган парламенттик - президенттик башкарууну алып келүү максатын көздөйт. Биз ар дайым ураан катары Кыргызстандын экономикасы бир гана ак эмгек менен өнүгөт деп айтып келебиз», - деди А. Бакиров.
Андан кийин дебаттын жүрүшүндө эки партиянын өкүлдөрү бири-бирине экиден суроо беришти. Мындан тышкары «Кабарлар» маалымат агенттигинин журналисттеринен жана социалдык тармак колдонуучулар тарабынан суроолор берилди. Бардык берилген суроолорго «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын өкүлү Артур Бакиров татыктуу жооп берди.