Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы Виноградное айылында
Шайлоо кампаниясынын алкагында «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагаларынын Чүй облусу боюнча кезектеги шайлоочулар менен болгон жолугушуусу Аламүдүн районундагы Виноградное айылында уланды.
Аскар Салымбеков «Бүтүн Кыргызстан» менен «Эмгек» партияларынын биригүү саясатын эң биринчи кезекте элдин саясий партияларды бириктирүү мүдөөсүнөн улам келип чыккандыгы менен түшүндүрдү. Виноградное айылында Союз учурунда миңдеген гектар жерге жүзүм айдалып, Орто Азияны толук жабдып келген аймактардан болгон. Союздан кийин жүзүмгө болгон суроо талаптар төмөндөп кеткендигине байланыштуу жүзүм чарбачылыгы урандыга учурагандыгына токтолду.
Аскар Салымбеков партиянын экономикалык программасынын алкагында эки долбоор кеңири республиканы камтып, элди жумуш менен камсыз кылуу, жашоо шартын жакшыртуу, айлык акы менен пенсия, жөлөк пулдардын көлөмүн жогорулатууну көздөп жатканын баса белгиледи. Экономикалык долбоорлордун алкагында мамлекеттин казынасын көтөрүүгө ири мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрү шек туудурбайт. Бул негизинен майда чарбачылыкты ирилештирүү, башкача айтканда, кооперациялаштыруу саясатына байланыштуу болот деп, андан соң Виноградное айылынын тургундарынын көңүлүн «Ала-Тоо-кенч» долбооруна буруп, ал долбоордун түпкү максаты элдин, бийликтин, инвестордун бир нукта иш алып баруусуна өбөлгө түзүүнү көздөгөнүн жана аталган долбоордун негизинде акцияга ээ болгон ар бир жаран кендин өндүрүлүшүнө, сатылышына жана башкарууга да үлүшүн кошо алаарын айтып берди.
Биримдик жок, ынтымак жок
Виноградное айылындагы жолугушуу кеч күүгүмгө туура келип калганда «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумарого сөз берилди. Ал сөзүнүн кызуу жерине келип калганда намазга чакырган азан айтылып калды. Ал сөзүн так токтотуп, ыйбаа келтирди. Азандын соңунда өзү куран окуп, намаз окугандардын намазы кабыл болсун деп жалпы эл менен тилек кылды.
Андан соң сөзүн «Мамлекетти өзгөртөбүз десек, өзүбүздөн баштообуз керек» деп улады. Ар бир инсанда ыйман болсо, мамлекетте бекем тартип жана ак эмгек болсо, Жараткан пендесинин сураганынан кем кылбай турганын айтты.
Шайлоочу тарабынан берилген “Бийликте турганда эл үчүн кандай иштерди кылдыңыз? деген суроого Адахан Мадумаров «Мектепте балдарга бир маал ысык тамак берүү, «Баатыр эне» наамын 7 бала төрөгөн энелерге берүү, пенсияны акчалай берүү, наристелерди эмдей турган ийне каражаттар мамлекеттин эсебинен каржыланышын, төрөт үйлөрдү бекер кылуу, 74 жаштан ары аксакал, карыларды бекер дарылоо боюнча мамлекеттик чечимдердин автору экендигин эске салды.
Виноградное айылынын тургундарынан бул шайлоодо дагы бийлик тарабынан көз боемочулукка жол берилип кетип, башка партия өтпөй калышы боюнча тынчсызданган пикирлер да айтылды. Адахан Мадумаров 2010 – жылкы шайлоодо элдин колдоосу менен утуп чыкканын айтып, аны таза жеңиш деп билдирди. Биз куру убада бербейбиз деген Адахан Мадумаров шайлоочуларга ийгиликтерди каалап өттү. Өзүңүздөрдүн тагдырыңыздарга өзүңүздөр ээ болуңуздар. Биометрикадан өтүп, мыйзамдын негизинде каалаган талапкерге өз добушуңарды берүү ар
биринердин укугуңар. Биздин партиянын принциби «Бекем тартип, ак эмгек», андыктан ар бириңерди тазалыкка, аруулукка чакырып, айыл элине бакубаттуулук каалады.
Жолугушуунун соңунда шайлоочулардан жылуу каалоо-тилектер айтылып, шайлоодо партиянын жеңишке жетүүсүнө салымдарын кошо тургандыгын билдиришти.
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагаларынын республика боюнча шайлоочулар менен кезектеги жолугушуусу Ош облусунда уланат.