Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы Ысык-Көлдө эл менен жолугушту
Бүгүн, 4-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Ысык-Көл облусуна караштуу Түп айылынын эли менен жолугушту.
Эл менен жолугушууга келген «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары жана өкүлдөрү эки партиянын биригүүсү жана жакында боло турган шайлоо тууралуу кенен айтып беришти.
Аскар Салымбеков өз сөзүндө Кыргызстандын өнүгүшү үчүн биримдиктин зарыл экендигине токтолуп, регионалдык жана партиялык бөлүнүүлөргө чек коюу керектигин баса белгилеп, «Баарыбыз биригип, элдин мамлекеттин өсүп өнүгүшү үчүн таза иштешибиз керек. Саясат менен экономика экөө эриш аркак жүрөт.Ошондуктан биз биринчи кезекте өлкөнүн экономикасын көтөрүүбүз абзел. Мындан тышкары, биздин жарандарыбыз мамлекеттеги кендерди иштетүүгө түздөн түз катышыш керек. Бул багытта биз жаңы «Ала-Тоо» кенч аталышындагы долбоорду иштеп чыкканбыз. Анын негизинде ар бир кыргызстандык кен иштетүү боюнча акционер болууга жана аны башкарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт»,- деди.
Өз кезегинде Адахан Мадумаров өлкөнүн өнүгүүсү үчүн катуу тартип жана мамлекетти башкарууда жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин белгилеп, «Биз мамлекетке катуу тартипти орнотуп, ички жана тышкы коопсуздукту көзөмөлгө алышыбыз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде мамлекеттик чек араны аныктап, башкаруу органдарда отурган чиновниктердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл»,– деди.
Жолугушууда партиянын теңтөрагаларына жана өкүлдөрүнө жергиликтүү калк ар кыл темада суроолорун беришти. Өзгөчө аларды партиянын программасы жана анын ишке ашышы кызыктырды. Ал эми Түп айылындагы көйгөй маселелерди чечүү тууралуу кызуу пикир алышуу болду. Жолугушууга партиянын жаштар канаты, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен активистери катышты.