Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын Орозо айт майрамы менен куттуктоосу!
Кадырлуу мусулмандар!
“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясы Сиздерди Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Ыйык майрамды ар бир мусулман зор үмүт, жакшы тилек менен күтөт. Жаратканга тобо келтирип, тазаланууга, жакшылыкка, кайрымдуулукка умтулат. Күндүн ысыгына карабай, убагында ооз бекитип, күүгүмдө ооз ачып, пенделерге такыбалык менен мамиле жасап, беш маал намазга жыгылып, бир ай бою орозонун зыяраттарын так аткарып келдиңиздер. Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун! Жараткан колдоп, ушул касиеттүү Орозо айында тиленген ак тилектер, асыл максаттар ишке ашсын!
Кымбаттуу мекендештер!
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы платформасында маанилүү маселелердин бири катары коомдогу туруктуулук жана ынтымактуулукту сактап калууну белгилеген. Жарандарыбыз коомдук макамы, саясий көз карашы, улуту жана диний ишеними кандай гана болбосун, мына ушул эки түшүнүктү ыйык тутуусу зарыл. Кыргызстан элинин ынтымагы – өлкөнүн өнүгүү кепилдиги. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясын түптөп жатып, биз өлкөбүздүн келечегин куруу боюнча чоң жоопкерчиликти мойнубузга алып, ата-бабаларыбыздан калган нукура руханий байлыктарыбызды калыптандырып, республикабыздын жарандарынын таалайлуу жана коопсуз жашоосун камсыздап берүүнү максат кылабыз.
Улуу тилегибиз Жаратканга жетип, баарыбыздын ой-мүдөөбүз ишке ашсын!
Кымбаттуу мекендештер, сиздерге ден соолук, ийгилик жана үй-бүлөңүздөр менен бактылуу болушуңуздарды каалайбыз. Кыргызстаныбыз өркүндөп, өсө берсин! Айт маарек болсун!
“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын Саясий кеңеши