0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    “Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы Бишкек шаарынын тургундары менен жолукту

    16 09 2015 12:28

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы парламенттик шайлоого карата үгүт иштерин Бишкек шаарынын райондорунун аймактары боюнча улантып жатышат. Партиянын саясый кеңешини мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкерлер Ырысбек Мааткабылов, Вячеслав Хан, Токон Мамытов, Олег Подобетов жана Сергей Пономарев шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.

    Жолугушууда «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын бирдиктүү ишмердүүлүгү мезгил талабы экенин, биримдик, ынтымак, достук гана өлкөнүн коопсуздугуна кепил болоору, эң жакшы натыйжаларды берээрин талапкерлер баса белгилеп айтышты.

    Иш-чара алкагында, алгачкы сөз Ырысбек Мааткабыловго берилди. Ал эки партиянын биригүүсүнүн себептерине токтолду.

    «Биригүүгө Кыргызстандын экономикасын, элдин турмуш-деңгээлин көтөрүү, социалдык көйгөйлүү маселелерди чечүү максаттары, элдин саясий күчтөрдүн биригүүсү боюнча мүдөөсү себеп болгону, эң негизгиси бул эки партиянын тазалыгы жана өлкөнүн келечеги ынтымакта иштөөгө негиз болгонун”, -белгиледи.

    Ырысбек Мааткабылов бүгүнкү күндө жүз миңдеген жаштарыбыздын башка мамлекеттерге жумуш издеп кетип жатышына да көңүл буруп, Кыргызстанда деле жумушчу орундарын түзүүгө болоорун, “Дордой” ассоцациясы бул демилгени колго алып, миңдеген адамдарды иш менен камсыз кылып, ири долбоорлорду ишке ашырып жатканын мисалга алды. Учурда дагы кесиптик –техникалык билим берүү, жумушчу орундарды түзүү, миграция, банктык насыялардын үстөмдүк пайызы, мектеп, бала-бакчалардын тартыштыгы, спорт аянтчасынын аздыгы, жаштар арасындагы олуттуу көйгөйлөргө басым жасады.

    Талапкерлер бул маселелер мыйзамдык деңгээлде оңдоп түзөөлөргө муктаж экенин айтып, анын чечилиши шайлоонун жыйынтыгынан көз каранды экенин айтып, түшүндүрүштү.

    Жеке ишкерлик менен таанылып, учурунда коррупциянын өрчүп кеткенине, мыйзамсыздык өкүм сүрө баштаганда мамлекеттик кызматтардан баш таркан Вячеслав Хан «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясына кошулганынын себептерин түшүндүрүп, ушул партиянын катарында туруу менен өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолуп, учурда иштебей турган же ишкерликке жолтоо болуп жаткан мыйзамдарды оңдоо менен гана ийгиликтерге жетишүүгө боло турганын ,экономиканы көтөрмөйүнчө калктын социалдык абалын жакшыртууга мүмкүн эмес экенин айтты.

    «Биометрикадан өтүп, мыйзамдын негизинде өзүңүздөр каалаган талапкерге өз добушуңарды берүү ар бириңиздердин укугуңар. Биздин партиянын принциби «Бекем тартип, ак эмгек», андыктан ар бириңерди тазалыкка, аруулукка чакырып, көп улуттуу Кыргызстандын калкына бакубаттуулук каалайбыз», -деди Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкер Сергей Пономарев

    Депутаттыкка талапкер Олег Подобетов учурда карапайым калктын социалдык абалы, жакырчылыктын кеңири кулач жайганы, гүлдөгөн коррупция жөн жаткырбай, саясатка барууга мажбур экенин өз сөзүндө баса белгиледи. Анын бизнесте жүрүп, он миңдеген жумушчу орундарын үзгөнүн, илимий –популярдуу, заманбап китептерди, гезит-журналдарды, окуу куралдарын жана баалуу кагаздарды даярдоого жана жаштарды тарбиялоодогу кошкон салымы тууралуу калктын кеңири катмары маалымдар.

    Бишкек шаарында Ленин, Биринчи Май, Октябрь жана Свердлов райондорунун аймактарында, жаңы конуштарда партиянын саясый кеңешини мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкерлер Ырысбек Мааткабылов, Вячеслав Хан, Токон Мамытов, Олег Подобетов жана Сергей Пономарев ар күн сайын шайлоочулар менен эки-үч жолугушууларды өткөрүп жатышат.

    Мындай жолугушуулардын бири “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда болуп, ага Кыргызстан Эл аралык университетинин жана шаардын жогорку окуу жайларынын студенттери менен болду. Студенттерге Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкерлер Вячеслав Хан менен Сергей Пономарев партиянын программасын, аткарган иштерин, алдыга койгон максаттарын, учурдагы экономикалык, социалдык көйгөйлөрдүн себептерин, жаштарга билим-илим алуудагы негизги багыттар тууралуу кенен айтып беришти. Студенттер, жаштар көңүлдөрүн өйүгөн суроолорун берип, ынанымдуу жоопторду алышты. Кыргызстан көп улуттуу өлкө болгондуктан, биримдик, ынтымак, ширелген достук, коопсуздук гана келечекке кепил боло тургандыгын талапкерлер белгилешти.

    «Вячеслав Хандын жардамы менен жакында эле кыргызстандык балбандар АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн грек-рим, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаттына катышып, жүздөн ашуун өлкөдөн командалык эсепте 8-орунга жетип, Арсен Эралиев келээрки жылы Бразилияда өтө турган жайкы олимпиадага жолдомо алып келди. Элүүдөн ашуун спортчуга демөөрчүлүк жардамын берип, колдоого алып келатат. Быйыл анын демилгеси менен Кожомкул атындагы спорт ордосунда Заманбап бий Академиясы ачылды. Спорттун жеке таймаш, таэквондо, дзюдо, бокс жана башка түрлөрүнө жардамын берип, машыгууга шарт түзүп келатат»,- деди КРнын грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Эдил Касенов.

    Студенттерге жаңы уюшулган Заманбап бий Академиясынын бийчилери өнөрүн тартуулап, жаштардын кызыгуусун жаратты. Айрым студенттер ушул бий Академиясына барып туруу ниетин билдиришти.

    50 миңден ашуун жумушчу орундарын түзүп, ар жыл сайын мамлекетке 4,7 млрд. Сом салык төлөгөн, ишкерлерди колдоого алып, жаштардын демилгелерин, долбоорлорун турмушка ашырууга демөөрчү болгон “Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын парламентке талапкерлерин колдоого алышаарын студенттер, жаштар айтып, сунуш-пикирлери ортого салышты.

    Бишкек шаарындагы 93-орто мектептин актовый залында “Арча-Бешик” жаңы конушунун тургундары жык толуп, бул жолку жолугушууга “Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков баштаган талапкерлер Ырысбек Мааткабылов, Вячеслав Хан катышты. Аскар Салымбеков партиянын программасы, алдыга койгон максаттары тууралуу кеңири айтып, учурдагы кырдаалга баа берип, экономикалык кыйынчылыктарды эмгек, биримдик, ынтымак жана жаңы жумушчу орундарды түзүү менен гана жеңүүгө болоорун белгиледи. Шайлоочулардын суроо-талаптарына да ынанымдуу жооп берди.

    Жолугушуулардын соңунда “Кыргыз руху” фольклордук- этнографиялык топтун жана эстрада ырчылары чогулгандарга концерт тартуулап, жан дүйнө жаңыртышты. Калк ичинен чыккан элдик таланттар да ыр-күүлөрүн тартуулашты. Ооган согушунун ардагери Тимур Сабырбеков Партия лидерлери жана Ырысбек Мааткабылов ооган согуш ардагерлерине ар дайым демөөрчүлүк кылып жардам берип, демилгелерин колдоого алып турганын айтып, толкунданып ырдап “Кыргызстан” жана “Гүлдөй бер, Мекеним” деп обон созуп да жиберди.

    Жолугушуу учурунда шайлоочулар талапкерлерге суроо-талаптарын да айтышып, каалоо-тилектерин да билдиришти. Шаар тургундары партия жетекчилерине жана Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкерлерге ийгилик каалап, баталарын беришти.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *