Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы кооперативдештирүүнү өнүктүрөт
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын долбоорлорунун бири кооперативдик кыймылды өнүктүрүү. Кооперативдик кыймыл кандай гана формада болбосун Кыргызстандын бардык аймактарынын агрардык саясатынын стратегиялык багыттарынан болууга тийиш. Бул процесске элет жергесинин катардагы тургундарын тартуу менен аны өнүктүрсө болот. Ошондой эле тургундардын ишин, тиричилигин жана эс алуусун уюштуруу боюнча кооперативдик бирликтердин көптөгөн түрлөрүн түзүү керек. Эл аралык кооперативдик альянска кирүү менен Евразиялык экономикалык бирликке кирген мамлекеттердин кооперативдик ишкерлери менен өз ара байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Кооперативдештирүүнү өнүктүрүү максатында калкты окутуу, тренингдерди өткөрүү, кеп-кеңеш берүүчү жана маркетингдик кызматтар көрсөтүлөт.
Азыркы учурда Чүйдө, Таласта, Ошто жана башка аймактарда кооперативдик кымылдын облустук бөлүмдөрү иштей баштады.