Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы Сары-Өзөн Чүйдө
Ушул жылдын 4 – октябрында өтө турган парламенттик шайлоого карата үгүт иштерин «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы Сары- Өзөн Чүйдө улантты. Партиянын теңтөрагалары Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров Токмок, Кант шаарында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү.
ЫРЫС АЛДЫ – ЫНТЫМАК
Чүй Кыргызстандын интернационалдуу аймагына кирет. Ал жакта эзелтеден ар улуттун өкүлдөрү байыр алып келишет. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагаларынын байсалдуу иш сапары касиеттүү Ысык-Көлдөн кийин, Сары-Өзөн Чүйдө уланып, облустун калың элинин кабыл алуусунда өттү. Сары-Өзөн Чүйдүн элинин дүркүрөгөн кол чабуулары бир топко чейин басылбай, лидерлерди майрамдык маанай менен тосуп алышты.
Алгачкы сөз Аскар Салымбековго берилди. Ал эки партиянын биригүүсүнүн себептерине токтолуп, «Биринчи эле кезекте биригүүгө Кыргызстандын экономикасын көтөрүү максаттары, элдин саясий күчтөрдүн биригүүсү боюнча мүдөөсү себеп болгону, эң негизгиси партиялардын тазалыгы жана өлкөнүн келечеги ынтымакта иштөөгө негиз болду. Ал: «4 жолку чакырылыштын депутаты болгон А. Мадумаровдун артында алдым, жуттум деген сөз жок. Ал эми «Бакиев менен иштеген, уурдаган» деген сөз бул оппоненттердин кара пиары. Булардын негизи жок, далилсиз. Жалданма журналисттерге макалаларларды буйрутма берип жаздырып жатышат» – деди. Шайлоонун куралы болгон ыпылас технология менен бардык нерсеге жетсе болот. Андыктан ашыкча болбогон сөздөргө жана гезиттерге ишенбөөгө чакырды.
Аскар Салымбеков «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы негизинен эки багытта иш алып баратканын шайлоочуларга түшүндүрүү менен өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолуп, мыйзамдык негизди оңдоо менен жетишүүгө боло турганын айтты. Ошондой эле экономиканы көтөрмөйүнчө калктын социалдык абалын жакшыртууга мүмкүн эмес. Андыктан майда чарбаларды ирилештирип, кооперациялаштыруу жолу менен жетүү Кыргызстан үчүн ыңгайлуу экендигин айтты. Мында өлкө бүтүндүгүн камсыздап, жалпы элдин биримдигине жетише алабыз»,- деди.
Ал эми, Адахан Мадумаров депутаттын негизги милдети туура мыйзам долбоорун демилгелөө экенин эскертти. «Туура, так жазылган мыйзам Кыргызстанды башка мамлекеттер менен теңата болууга, ынтымакта жана бакубатчылыкта жашоого негиз болоорун баса белгиледи.
“Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын лидерлеринин ар бир жолугушуусу эл тарабынан жылуу кабыл алынып жатты. Коомчулукту теңтөрагалардын берген жообу канааттандырып, колдоо таап турду. Партиянын лидерлери оппоненттердин каралаган оюндарын да эске алышып, элди жалган ушактарга кулак төшөбөй, таза акыл эс, чын жүрөктөн добуш берүүгө чакырып өтүштү.